Акыркы макалалар

Жарандар жолдун абалы тууралуу министрликке түз кайрыла алышат

Жарандар жолдун абалы тууралуу министрликке түз кайрыла алышат

Жарандар республикадагы жолдордун абалы тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине түз кайрыла алышат.

Атап айтканда, Ош-Бишкек автоунаа жолундагы абал, ашуулардагы кырдаал, ошондой эле, жол тейлөө ишканаларынын иши тууралуу тиешелүү жетекчилерге түз билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн керектүү телефон номерлери министрликтин сайтына чыгарылган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликте зарыл болгон кесипкөй адистер жана тиешелүү атайын техникалар жетиштүү. Андыктан алар күнү-түнү дебей аба-ырайынын жана климаттык шарттардын өзгөрүүсүнө жараша ашууларды жана жолдорду кар күрткүлөрүнөн тазалоого даяр.

0557700508 Азимкан Жусубалиев — Министрдин орун басары

0773900725 Арстанбек Ибраев — Жол тейлөө департаментинин директору

0551332410 Тыныбек Токторбаев — Бишкек-Ош жолу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...