Акыркы макалалар

6-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

6-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...+3;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;

Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11;

​Бишкекте 6-январда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2°.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...