Акыркы макалалар

Ошто былтыр 87 мечит каттоодон өткөрүлүп, заманбап үлгүдөгү 43 мечит курулган

Ошто былтыр 87 мечит каттоодон өткөрүлүп, заманбап үлгүдөгү 43 мечит курулган

2017-жылы жалпысынан Ош облусу боюнча 87 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, 43 мечит заманбап үлгүдө жаңыланып курулган. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын жылдык жыйынтыктоо жыйынында казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик ажы Турсунбеков билдирди.

“КРдин Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруунун алкагында диний объектерди мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүү максатына ылайык 2017-жылы Ош облусунун аймагындагы 87 мечит мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүлдү. Ал эми 43 мечит заманбап үлгүдө архитектуралык талаптарга ылайык кайрадан жаңыланып курулду. Мындан сырткары 300дөн ашуун мечиттин уставдары жаңыланып бүткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунда 838 мечит бар, алардын ичинен 809 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөн. Учурда 29 мечиттин тиешелүү архитектуралык документтери толукталып, каттоо иштерине даярдалып жатат” – деди А.Турсунбеков.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...