Акыркы макалалар

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

Кыргызстандык Валентина Шевченко Ultimate Fighting Championship (UFC) рейтингинде биринчи орунду сактап калды,-деп маалымдалат UFC расмий сайтында.

Жаңыланган рейтинг UFC 219 турниринин жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 1-январында жарыяланган. Турнир Лас-Вегаста өтүп, анда Шевченко катышкан.

Дүйнөлүк рейтингде аялдар арасында 61,5 кг салмактык категория боюнча биринчи орунда Шевченко, андан кийин Холли Холм, үчүнчү орунда Джулианн Пенья (АКШ) турат.

Сайтта маалымдалгандай, Шевченконун кийинки беттеши 3-февралда “UFC Fight Night 125” турниринин алкагында өтөт, атаандашы бразилиялык Присцилла Качоейра.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...