Акыркы макалалар

Тамеки кеминде беш сомго кымбаттады

Тамеки кеминде беш сомго кымбаттады

Кыргызстанда тамекинин баасы кымбаттады. 1-январдан тарта Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ишке кире баштады.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, тамекинин бир кутусу кеминде беш сомго кымбатташ керек. Мында эки максат коюлган:

- Биринчи максат – бюджетти толтуруу, себеби жыл сайын дефицит болууда. Экинчиси – өспүрүмдөрдү тамекинин зыянынан коргоо, анткени кымбаттаса алардын тамеки сатып алуусу анча оңой болбой калат.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, акциздик салыктын жогорулашы мамлекеттик бюджеттин кирешесин быйыл 938 миллион сомго көбөйтөт. Тамекиге салыктын бул түрүн 2022-жылга чейин жогорулатуу каралган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...