Акыркы макалалар

Айтибай Мусаев, Жалал-Абад шаардык «Сууканал» башкармалыгынын башчысы: Караманча калп…

Элдин атынан кабар жибердим деген жаран Бегимкул Орозматов «Жалал-Абадсууканал» башкармасы жана анын жетекчиси жөнүндө чындыкка төп келбеген, турмушта тапткакыр эле орун албаган жалган маалыматтарды интернет сайттардын бирине жарыялап салган. “Шаардын сыртындагы бир короого водовоз менен (кожоюндун малканасы деп түшүндүрөт) суу ташыды дейт. Кайсыл короо, кайсы кожоюндун койлору жөнүндө сөз болгону бизге таптакыр түшүнүксүз, водовоз эч бир короого бир жолу да суу алып барган жок.

Ал эми “скважина казып суу чыгарып берип кутулду” дегени фантазия. “Сууканал” башкармалыгы бир дагы скважина бургалаган жок.

“Тагай бий” мончосунун суу түтүктөрүн шаардыктар үчүн алынган жаңы, заманбап стандартка ылайык суу түтүктөрүнө алмаштырып берди дейт. Ал эми чындыгында “Сууканал” башкармалыгына заманбап түтүктү мындай кой, жөнөкөй суу түтүктөрүнөн эч жактан, эч кандай, бир метр да түтүк келген жок, алмаштыруу жөнүндөгү сөз түшкө да кирбеген нерсе.

Ошондуктан Б.Осмонов калпты токуп чыгаардын алдында ыйманы менен бир кеңешип алса дурус болмок.

Кошумчалай кетчү нерсе, Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетине тажрыйбасы жана адистиги туура келгендиги үчүн бул ишканага, бир тууган иним катардагы кызматкер катары, жетекчи Кокоралы Алдосов тарабынан ишке алынган. Ал эми, мен шаардык жетекчиликтеги кызматыма келе электен баштап эле, көп жылдан бери дагы бир иним айдоочу болуп иштеп жаткан жана иштеп жатат – деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Таирбек Чойбеков.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...