Акыркы макалалар

Эми кар качан жаайт? ӨКМдин маалыматы

Эми кар качан жаайт? ӨКМдин маалыматы

Калың жааган кар калаа тургундарына жана Бишкек — Ош унаа жолундагы айдоочуларга бир топ ыңгайсыздарды жараткан

Кыргызстандын аймактарына кийинки кар 4-январда жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө таянып кабарлады.

2017-жылдын акыркы күнү 31-декабрда жана 1-январь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Муну менен катар ӨКМ Ысык-Көл облусунда жаңы жылдын биринчи күнү азыраак кар жаашы мүмкүн экендигин кошумчалады.

2-3 жана 4-январда өлкө аймактарында аба ырайы өзгөрбөйт. 4-январь күндүз айрым райондордо жамгыр жаашы ыктымал. Жолдор тайгак, тоңголок болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Буга чейин калың кар 27-декабрь түнү жааган. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн Бишкекте жол кыймылы кыйындап, тайгалак болгон. Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда аба ырайына байланыштуу жол тыгыны катталган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...