Акыркы макалалар

Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду

Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду

Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду. Аталган системада аймактарга электр энергия кандай көлөмдө жеткирилип жатканы жана өчүрүүлөрүү чыгып турат. Ал үчүн Бишкекте «Улуттук электр станциялар» ишканасында узуну 3 метр, туурасы 7 метрди түзгөн видеокуб орнотулган. Анда колдонулган электр энергиянын көлөмү чыгып турат.

Кыргыз энергия системасындагы бүткүл объектер көзөмөлдөнөт жана башкарылат. Ага Токтогул каскад ГЭСтер, Бишкек, Ош ЖЭБтер жана бүт электр тармактар кирет. Аны «Улуттук электр станциялар» ишканасына орнотулган SCADA системасы аркылуу видоекуб менен башкарылат.

Аталган ишкананын борбордук диспетчер кызматынын улуу ыкчам диспетчери Чыңгыз Абдымомунов видеокубдан техникалык парометрлерди көзөмөлдөп турат.

—Мында чыңалуу, токтун күчүн, ылдамдыгын көзөмөлдөп турамын. Бизге SCADA деген жаңы система жумушка кирди. Бул онлайн режимде өлкөнүн бүткүл көмөк чордондордогу түзүлгөн абалды жана кырдаалды көрүп турабыз.

SCADA системасы орнотулганга чейин аталган ишкана электр энергиясынын абалы боюнча маалыматтарды ордунда жайгашкан адистерде алып турушчу. Маалымат телефон аркылуу жеткирилип келген. Эми бул кызмат жеңилдеп онлайын аркылуу видеокубдан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындай ыкма коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанда эчак эле киргизилген. Алар менен тең тайлаш үчүн Кыргызстандан өткөн жана сырттан ипорттолгон электр энергияны так көрүүгө ушул системаны киргизүү керектигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

— 2011-жылы Кыргызстандын энерго системасы бир топ кыйын мезгилди башынан өткөрдү. Борбор шаарыбыз Бишкекте жаңы конуштар, көчөлөр электр жарыгысыз калып, мындан улам элдер чыгып жол тосчу. Акыркы жети жылдын ичинде улуттук долбоорлор ишке ашты. Алар Датка Кемин подстанциясы ишке берилип, Бишкек ЖЭБ модернизацияланды. Бүгүнкү күндө энергетика системасы туруктуу иштейт. Жалпы көлөмү 7 жылда 1 млрд доллардын тегерегинде болду. Мунун баарын тейлеш үчүн SCADA системасы иштеши керек болчу.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевдин айтымында, энергетиканы көзөлдөөчү системага жалпы 55 млн доллар жумшалган. Аны туркиялык «Акай» копаниясы тендерден утуп алып, жумушту аткарган.

—55 млн доллар Азия өнүктүрүү банкынан алынган. Бул каражатка диспетчер, баардык көмөкчордондорго оптикалык байланыштар орнотулду. Ал эми 500кВт, 220 кВт, 110 кВт көмөк чордондордогу май куйучу өчүргүчтөр (включатель) жаңыланды.

Кошумчалай кетсек, орнотулган видеокубда көмөкчордондордо колдонулган электр энергиянын көлөмү эсептелип чыгып турат. Мында ашыкча электр энергияны бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калаары айтылууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...