Акыркы макалалар

"Манас" кинотеатрында өзбек режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөт

"Манас" кинотеатрында өзбек режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөт

Иш-чарага Өзбекстандан атайын делегация учуп келет

Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 27-декабрда "Пролог" Улуттук кинофестивалынын катышуучуларынын мыкты тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондусунан билдиришти.

Ага ылайык, аталган кинофестиваль 27-30-ноябрда Ташкент шаарында өткөн.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн өзбек кинематографисттери Бишкекке келишет. Алардын ичинде Жаш кинематографисттер кеңешинин төрагасы Ойбек Абдушукуров, Кинематографияны өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору Маруфжон Мухтаров жана "Өзбеккино" улуттук агенттиги башкармалыгынын жетекчиси Баходир Мухаммедов бар.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...