Акыркы макалалар

«Кыргызгаз» маселеси көпкө созулчудай

«Кыргызгаз» маселеси көпкө созулчудай

Ахматбек Келдибековдун камалышы менен «Кыргызгазды» сатуу маселеси кайра талашка түштү. Келдибековдун аталган ишкананы сатуудагы айрым мыйзам бузууларды айтып чыкканы үчүн камакка алынгандыгын билдиргени буга түрткү болду.

Коррупцияга шектелип, камакка алынган депутат Ахматбек Келдибеков өзүнүн кармалышын «Кыргызгазды» Орусия сатуудагы айрым чындыктарды айтып чыкканына байланыштырууда. Келдибеков кармалганга чейин «Кыргызгаздын» толугу менен сатылышына каршы пикирин "Марал" радиосуна төмөндөгүчө билдирген эле.

«Гаспромду» 51 пайыз менен алып келип алсак жакшы болмок. Бирок,1 долларга бардыгын берип салуу туура эмес да. Ал жерде жазылып турат, 25 жылга чейин бириң дагы алабыз деп айта албайсыңар деп. Ошондуктан меники, сеники, оппозиция, позиция деп бөлбөй отуруп акылдашыш керек. Мүмкүн биздин айткандарыбызга дагы бирөөсү жакшы жол айтат. Жакшы бир жолду таап чыгып, анан чечсе элге жакмак».

Жогорку Кеңештин «Ата Журт» жана «Республика» фракциялары дагы«Кыргызгаз» ишканасынын Газпромго сатылышы түпкүлүгүндө Кыргызстанга пайда алып келбейт деген негизде келишимдин долбоорун колдошкон жок. «Ата Журт» фракциясы аталган ишкана менен кошо жер тилкелеринин өтүп кетиши Конституциянын 12 беренесине каршы келерин эскертип жатат. Ал эми Республика фракциясы “Кыргызгаз” менен биргеликте 40 гектар жердин кетип жатышы, атайын агенттиктердин баалоосунан өтпөстөн, 1 долларга сатылышы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келет, деп келишимди кайра карап чыгууну сунуш кылды. Ал ортодо, Кыргызгаз ишканасынын жетекчиси Тургунбай Кулмырзаев өткөн аптада газ алуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр башталгандыгын, кийинки айларда Казактан менен сүйлөшүү боло тургандыгын билдирди. Буга чейин ал жаңы жылдан тарта Кыргызстанга газды Газпром ишканасы алып келе тургандыгын айтып келген болчу.

«Ноябрь айында ратификация болсо, анын аягына чейин сатып алуу келишимине кол коюлса, анан «Гаспром» газды алып келүү милдетин мойнуна алат».

Газ сатып алуу боюнча кышка чукул сүйлөшүүлөрдүн башталышы «Кыргызгазды» сатуу маселеси жакын арада чечилбешин кабарлап тургансыйт. Бирок, өкмөт Кыргыз газ сатылса Кыргызстанга гана утуш болот деп ишендирип келет. Тагыраак айтканда, көгүлтүр от жылдагыдай үзгүлтүккө учурабай арзан баада берилип, жыйырма жылдан бери эскилиги жеткен газ түтүктөрү жаңылана тургандыгын билдирүүдө. Ал тургай өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да «Кыргызгазды» сатуу туура кадам болоорун айткан.

“Бизге “Кыргызгаз” эмес, газ керек. 1 доллар деген баа кайдан жаралып калды билбейм. Бирок,“Газпром” ишканасы оңой эмес акча төлөйт. Себеби, “Кыргызгаздын” 30-40 млн долларга жакын карызы бар”.

Орусия “Кыргызгазды” 2 млрддан ашык карызы менен 1 долларга сатып алууга макул болгон. Эки тарап үстүбүздөгү жылдын июль айында келишимге кол коюшкан. Ага ылайык “Кыргызгаз” ишканасынын негизинде Орусиянын “Газпромуна” таандык болгон “Кыргызгазпром” аттуу ишкана түзүлмөкчү. Ал Кыргызстанда катталып, бул жактын мыйзамдары менен иштей турган болгон.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...