Акыркы макалалар

Ошто коомдук транспортторго идеологиялык мүнөздөгү баракчалар илинет

Ошто коомдук транспортторго идеологиялык мүнөздөгү баракчалар илинет

Патриоттуулукка, ыйманга чакырган мындай баракчалар ар бир коомдук транспорттун ичине илинет. Андан тышкары тарбиялык маанидеги кыска тасмалар да тартылат.

Ош шаарындагы коомдук микроавтобустарга идеологиялык мүнөздөгү баракчалар илинет. Ал баракчаларда жүргүнчүлөрдү патриоттуулукка, ыймандуулукка жана кичи пейилдүүлүккө чакырган идеологиялык мүнөздөгү сөздөр жазылат. Транспортко түшкөн окуучулар жана студенттерди улууларга орун бошотуп берүүгө үйрөтүү жана бара турган жерине жеткенче бир сөз болсо да уйрөнсө, деген максатта жасалып жатат. Ош шаардык мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Шайлообек Атазовдун айтымында, мындай иш мурда да жасалган. Бирок, күчүнө кирбей калгандыктан кайрадан жандандырылып жатат. Аталган агенттикте комиссия түзүлүп, ушул жылдын декабрь айына чейин бул баракчалар илинип баштайт.

Аталган агенттиктин маалымат катчысы Нургазы Каримовдун айтымында, бул баракчалардан тышкары, жергиликтүү телеканалдардан тарбиялык мүнөздөгү социалдык роликтер көргөзүлөт. Анда айдоочулардын жол эрежесин бузбоосу, жүргүнчүлөрдүн транспортту бир гана аялдамадан тосуусу жана айдоочулардын окуучуларга болгон мамилеси тууралуу тарбиялык маанидеги кыска тасмалар тартылат.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында миңге жакын маршруттук такси, 200гө жакын автобус, ондон ашык троллейбус жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...