Акыркы макалалар

Ошто алгачкы жолу кыздар арасында волейбол боюнча республикалык мелдеш болот

Ошто алгачкы жолу кыздар арасында волейбол боюнча республикалык мелдеш болот

Ошто биринчи жолу 25-28-ноябрь аралыгында кыздар арасында волейбол боюнча республикалык турнир өтөт. "Курманжан Датка" кубогу деген аталыштагы бул турнир Ош шаарындагы "Коңурат плюс" спорт комлексинде болот. Бул тууралуу Ош волейболдук федерациясынын баш катчысы Бакыт Кулуев билдирди. Анын айтымында, республикалык турнирге 5 команда: "Салам-Алик", "Намыс" , "Улар" , "Динамо УВД" жана "Алай-Датка" клубдары катышат.

Турнир Ош шаардык волейбол федерациясынын президенти Жыргал Калмаматовдун демилгеси астында уюштурулууда. Бакыт Кулуевдин айтымында, оюн үч күнгө созулуп, анда командалар айланма ыкмасында атаандашат. Тактап айтканда, көп упай топтогон команда жеңишке жетишет. Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрү «Курманжан датка» фондунун акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

Алгачкы жолу кыздар арасында боло турган волейболдук мелдеш ойноо чеберчилигин өстүрүү жана клубдар ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...