Акыркы макалалар

Бишкекте Өзбекстанда куралган автоунаалардын бет ачаары болот

Бишкекте Өзбекстанда куралган автоунаалардын бет ачаары болот

Өзбекстан RAVON автоунааларын жана ISUZU автобустарын Кыргызстанда курап чыгууну сунуштоодо. Бишкек шаарында 25-декабрь күнү аталган унаалардын бет ачаары жана тест-драйв иш-чарасы болот. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана инвестицияларды коргоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, иш-чаранын расмий бөлүгүнө мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн жетекчилери катышат. Анда меймандар автоунаа жана автобустардын үлгүлөрү менен жакындан таанышат, андан тышкары атайын тест-драйв өткөрүү каралган.

Ошондой эле, маалымат жыйын уюштурулуп, Кыргызстанда өңдүрүү каралып жаткан бренддердин артыкчылыктары тууралуу завод жетекчилери кеңири айтып бермекчи.

Эске салсак, иш-чара «Ала-Тоо» ресторанында өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...