Акыркы макалалар

Жасалма акча жасагандар кыскарууда

Улуттук банктын нак акчалар менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперти Эмиль Курманалиевдин айтымында жылдан жылга жасалма акча жасоо менен шугулдангандардын катары азайып бара жатат. Ал мунун башкы себебин кыргыз сомунун коргоо белгилери эң мыкты экендиги менен байланыштырып, жасалма акчага каршы күрөшүү токтоосуз жүргүзүлөрүн кошумчалады.

“Өлкөдө жылдан жылга жасалма акча жасоо кыскарууда. Мисал келтирсек, 2001-жылы улуттук валютадагы 609 жасалма банкнот кездешип, анын суммасы 373,5 миң сом болсо, 2012-жылы 94 даана, 109 миң 960 жасалма акча, ал эми быйылкы жылдын 9 ай аралыгында 89 купюра 55 миң 260 сом жасалма акча чыгарылган. Мыйзам боюнча жасалма акча даярдагандар гана эмес, аны тараткандар да катуу жазаланат. Кылмыш-жаза кодексинин “Жасалма акча жана баалуу кагаздарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренеси боюнча он чакты адам эркинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланды”,-деди Э.Курманалиев.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

22/11/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...