Акыркы макалалар

Кыргызстанга Россиядан аскердик жардам келди

Кыргызстанга Россиядан аскердик жардам келди

Бишкекте кайтарымсыз жардам көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө россиялык аскердик продукция тапшырылды. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

“Кеп артиллериялык куралдарга топографиялык мүлк жана тетик бөлүктөрү тууралуу болууда”,- деп айтылат билдирүүдө. Тапшырылган жабдуулардын баасы көрсөтүлгөн эмес.

Россия Кыргызстанга республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик даярдыгын чыңдоого багытталган аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө.

РФ тарабынан аскердик-техникалык жардамдын көрсөтүлүшү узак мөөнөттүү келечекке ээ жана өлкөдө ишенимдүү коргоо потенциалын түзүүгө шарт түзөт. Жардам Кыргызстанга 1 млн АКШ доллары көлөмүндө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун алкагында көрсөтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...