Акыркы макалалар

24 миң муниципалдык кызматкер мамлекеттик тил сынагынан өтөт

24 миң муниципалдык кызматкер мамлекеттик тил сынагынан өтөт

2018-жылы жалпы 24 миң муниципалдык кызматкер милдеттүү түрдө мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышат. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын айтымында, мындан ары мамлекеттик жогорку кызматтарда отурган жактар дагы кыргыз тилинен тест тапшырышат.

Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы жана өлкө президенти кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сынактан сөзсүз өтүшү керек.

Эске сала кетсек, буга чейин мамлекеттик тил сынагынан өтүү бир гана президенттикке талапкерлерге гана колдонулуп келген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...