Акыркы макалалар

Авиабилет баасына чек коюлду

Авиабилет баасына чек коюлду

Кыргызстанда ички авиакаттамдардын билет баасын 4000 сомдон ашырбоо үчүн чек коюлду. Мындай тартип 1-декабрдан баштап иштей баштаган. Бирок ага «Эйр Манас» компаниясы макулдугун бере элек.

Кыргызстанда ички авиа каттамдардын баасына чек коюлду. Бирок мындай тартипке бир гана “Эйр Манас” авиакомпаниясы макулдугун бербей жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

— Каттамдарды көбөйтүү боюнча биз авиакомпаниялар менен иштеп, маселени чечсек болот. Тарифтер боюнча “Тез Жет” менен “Авиа Трафик” компаниялары менен протоколго кол койдук. Ага ылайык, 1-декабрдан баштап билеттин эң жогорку баасы 4000 сомдон ашпашы керек. Бир эле «Эйр Манас» компаниясы макулдугун бере элек. Учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Ички рейстерге баа кымбат, кээде 5000 сомдон жогору болуп жатканы тууралуу маселе парламентте буга чейин да көтөрүлгөн.

Депутат Экмат Байпакбаев ички каттамдардын баасын төрт миң сомго түшүрүү аракетине канааттанбады. Ал, билет 2000 сом болууга тийиш экенин белгилеп, бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырма берүү зарыл деди.

—Билеттин баасы төрт миң сомдон жогору болбой турганын министр мырза айтып жатат. Менин оюмча, төрт миң сомдук каттам жол маселесин чечпейт. Биз өкмөткө тапшырма берсек, каттамды 1500-2000 сомдон кылуу жолун тапсын. Анын жолу көп. Биз ички каттамды арзандатпасак, эч качан жол кырсыктары азайбайт. Жарандардын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок.

Кыргызстанда ички рейстер менен «Эйр Манас”, Avia traffic, “Эйр Кыргызстан”, Теz Jet компаниялары алектенет.

Бишкек-Ош ички авиакаттамынын билетинин наркы 1500-1800 сом. Эгер кардар билетти күн мурунтан алса өз баасында алат. Бул тууралуу «Авиа Трафик» компаниясынын өкүлү Георгий Еременка билдирди. Ал эми бүгүн эртең учабыз дегендер зарылдыгына жараша билеттерди 4 миң, айрым учурда андан да кымбат баада сатып алаары белгилүү болду.

-Эгерде жүргүнчү билетти эртерээк сатып ала турган болсо, анда баасы арзан болот. Шашылыш уча турган күнү билетти кымбат баада алышат. Кийинки сатып алган жаран биринчи арзан баада билет алгандардын чыгымын жабат. Бизге да пайда түшүш керек. Жакында эле жаңы самолет алганбыз.Мамлекет бизге эч качан жардам берген эмес. Ошондуктан өз күчүбүз менен кыбырап келебиз.

Кыргыз өкмөтүнү караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги ички авиакаттамдардын билет баасы 20 пайызга кескин кымбаттаганда гана кийлигишпесе, калган учурда жеке авиакомпаниялар каалаган баага сатууга укуктуу.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков тарифти арзандатуу боюнча азыркы тапта компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

-Атаандаштык мыйзамынын алкагында Бишкек-Ош аба каттамынын баасын иликтөө, талдоо иштери жүрүп жатат. Биз компанияларга тарифти түшүрүү боюнча талаптарды койгонбуз. Билеттин өздүк наркы негизсиз көтөрүлбөшү керек. Азыр баа 4800 сомго чейин чыгып кеткен. Муну 20 пайыз өлчөмүнө чейин түшүрүү керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов менчик компаниялар коммерциялык кызыкчылыктар менен билет бааларын жогору коюп жатканын белгиледи.

-Компаниялар Бишкек-Ош жолу жабылды дегенде эле билеттин бааларын көтөрүп алып, 5000-6000 сомго сатып калышат. Өздүк баасы 1200-1800 сомго чейин эле болот экен. Ушуну жакшы көзөмөлгө алыш керек. Эл кыйналып жатканда баалардын көтөрүлүшү туура эмес. Бул маселени чечүү зарыл.

Бул маселеде өкмөт менен парламент эки башка пикирде экени белгилүү болду.

Мындан улам ЖИА Бизнес Ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов ички каттамдардын тарифинин жогору болуусунун негизги себептерин компаниялар ачык түшүндүрүп берүүсү керек дейт. Антпесе, түшүнбөстүктөрдөн улам аларга дооматтар коюла берет.

—Биринчиден учактардын майы бизге чет өлкөдөн келет. Экинчиден компанияларга мамлекет койгон талаптар бар. Маселен, кошумча салык аларга канчалык бир деңгээлде оор болуп жатышы мүмкүн. Ушул нерселерди эске алганда баа жогору болуп калышы мүмкүн. Андан көрө өкмөт ички рейсттердин санын көбөйтсө, атаандаштын негизинде учак билеттин наркы акырындан түшө баштайт.

Дүйнөлүк практикада деле билеттердин баасы учууга жакын кымбаттарын Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жусубали Исаев айтат. Ал билдиргендей, ички каттамдарда учактар майды көбүрөөк коротот.

—Учактарга алыскы рейстер кирешелүү болот. Ал эми ички каттамдар тескерисинче чыгымга эле учуратат. Муну эске алганда бизде тарифтер жакшы эле.

Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши учак каттамын колдонушат. Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде учкандар. Ал эми 2 миллион адамдын ичинен 1 миллион 150 миң адамды чет элдик компаниялар ташыса, кыргыз компаниялары 800-850 миң адамды тейлейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...