Акыркы макалалар

Классик тилчилердин кыргыз тили боюнча изилдөөлөрү жарык көрдү

Классик тилчилердин кыргыз тили боюнча изилдөөлөрү жарык көрдү

Классик тилчилердин кыргыз тили боюнча изилдөөлөрү жарык көрдү. “Классикалык изилдөөлөр” аталышындагы жыйнакка кыргыз тилин изилдөө илимине негиз салуучулардын бири, көрүнүктүү окумуштуу Касым Тыныстановдун 1927-36-жылдардагы кыргыз тили боюнча эмгектери киргизилип, автордун жазуу эрежелери өзгөртүүсүз берилди.

Анда кыргыз тилинин морфологиясы изилдөөгө алынып, жазуу эрежелери түзүлүп чыккан. Мисалы, окумуштуу эмгегинде чактарды – “Улама етиштер” деген жалпылоо менен өткөн чак, берки чак, байыркы чак, күдүк чак, келер чак, жакынкы чак, ашыркы чак, учур чак деп бөлүп көрсөткөн. Ошондой эле, кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү кыстырынды сүйлөмдөр, бирикме сүйлөмдөр, шарттуу сүйлөм, өксүк сүйлөм деп бөлгөн.

Андан сырткары китепке филология илимдеринин доктору, профессор Сарыбай Кудайбергеновдун жана Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Аскар Турсуновдун кыргыз тили боюнча жазылган илимий эмгектери кирди.

500 нускада басылып чыккан жыйнак кыргыз тилин изилдеген окумуштууларга, изденүүчүлөргө, аспиранттарга жана жалпы окурмандарга арналат. Мындай тил багыты боюнча классикалык эмгектердин жыйнагы 2020-жылга чейин сериялык эмгек катары жарык көрө бермекчи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...