Акыркы макалалар

ОШТО КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН КОРООЛОРУН ТҮНКҮ ЖАРЫК МЕНЕН КАМСЫЗДОО 90% АТКАРЫЛЫП БҮТТҮ

ОШТО КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН КОРООЛОРУН ТҮНКҮ ЖАРЫК МЕНЕН КАМСЫЗДОО 90% АТКАРЫЛЫП БҮТТҮ

Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Манас-Ата» аймактык кенешинин тургундары менен жолугушууда билдирди. Тургундар менен жолугушууга КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев да катышып, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдын түнкү жарыктар менен камсыз кылуу иштери менен таанышты.

Д. Кенекеев шаар жетекчисинин эмгегин, демилгесин жогору баалап, бул долбоор Ош шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөрүн билдирди. Шаар мэри көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдын түнкү жарыктар менен камсыз кылуу Ош шаарынын онуктуруу программасынын жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аткарылып, ишке ашып жаткандыгын маалымдады.

-“Ош шаарын өнүктүрүү программасын кабыл алып жатканда, негизги багыттардын бири катары көчөлөрдү жана үйлөрдүн алдын толугу менен түнкү жарыктар менен камсыз кылууну киргизгенбиз.

Программанын алкагында акыркы үч жылда шаарыбызда 174 чакырым жолго түнкү жарыктар орнотулду. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 млн сом бөлүнүп, шаарда жайгашкан 640 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына түнкү жарыктар орнотулууда. Бул иш аракеттер шаарыбыздын тургундары, жаш балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жардамын көрсөтөт деп айтууга болот. Учурда шаарга 2000 светодиоддук чырактар орнотулуп, долбоордун 90% ы бутту. Буюрса ушул айдын ичинде шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн алдына светодиоддук чырактар орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашканы турат пайдаланууга берилет”,-деди А.Кадырбаев.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...