Акыркы макалалар

Баткенде мөмө-жемиш сактоочу жаңы логистикалык борбор ачылды

Баткенде мөмө-жемиш сактоочу жаңы логистикалык борбор ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда дүйнөлүк талапка жооп берген мөмө-жемиштерди консолидациялоочу жана таңгактоочу борбордун ачылыш аземин өткөрүштү. Борбор жаңы бышкан мөмө-жемиштерди кампасында сактап, күнүнө 500 тоннага чейин продукцияны сорттойт жана таңгактай алат. Бул тууралуу АКШ Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Логистикалык борбордун ачылышына АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «Агропродукт Азия» компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Логистикалык борбордун муздак сактоочу кампасы Кыргызстандын түштүгүндөгү дыйкандарга мөмө жана жашылча-жемиштерди узак мөөнөткө сактоого жана жогорку сапаттагы продукцияны жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын экспорттук жана ички рынокто атаандаштыгын күчөтөт. Иштеп баштаган алгачкы жыл ичинде борбор 2 миңдей дыйкандан 2,5 миң тонна мөмө жана жашылча-жемиштерди сатып алаары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...