Акыркы макалалар

БШК өз мүчөсүн кызматтан четтетти

БШК өз мүчөсүн кызматтан четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кызматынан алынды. Мындай чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Абдрахматованы төрайымдын орун басарлыгынан алуу боюнча БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев демилге көтөрдү. Анын айтымында, Атыр Абдрахматова шайлоо компаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген. БШКнын сегиз мүчөсү бул сунушту колдоп, добуш берди.

Мындан ары “Республика-Ата-Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Абдрахматова Боршайкомдун мүчөсү катары ишин уланта берет.

Ал эми Атыр Абдрахматова БШК мүчөлөрүнүн бүгүнкү чечими - бул органда башкача ойдо болгондорго карата куугунтук экенин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ал бул органга келгенден тартып чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылып, бардык учурда мыйзамдын так аткарылышы үчүн ишмердик жүргүзгөн.

“БШКнын ишмердүүлүгү таза, акыйкат, ачык болушу керек деген позицияма байланыштуу төрайымдын орун басарлык кызматынан кетиришти. Өткөн референдумда, жергиликтүү кеңештерди жана президентти шайлоодо жөнөкөй шайлоочулардын укуктарын так сактоону, шайлоого катышкан талапкер же саясий партия болобу, аларга тең, бирдей мыйзамдуу мамиле кылууну, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып, административдик ресурска каршы чыктым. Шайлоо учурунда ишиме бут тосуу, каралоо сыяктуу чагым уюштуруп келишти”, - деди Атыр Абдрахматова.

Атыр Абдрахматова быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө БШКнын ишмердигиндеги бир катар мыйзам бузууу фактылары боюнча маселелерди көтөрүп чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...