Акыркы макалалар

Кыргыз тили Европа стандартында үйрөтүлөт

Кыргыз тили Европа стандартында үйрөтүлөт

Бул долбоор реалдуу кырдаалдарда эксперттердин ой-пикирин эске алуу менен иштелип чыккан жана анда тил саясатын жүргүзүү этап-этап менен ишке ашырылат.

Кыргыз тилин үйрөнүүнүн европалык стандарты иштелип чыкты. Тил үйрөтүүнүн европа стандарты 2014-2020-жылдарга мамлекттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу боюнча улуттук прогамманын негизинде ишке ашат. Бул программа этап – этабы менен жүргүзүлүп, аны үйрөнүү деңгээлин “Кыргызтест” системасы аныктайт. Аталган стандарт бир айдын ичинде коомчулукка коюлуп, талкууга алынат. Долбоорду ишке ашыруучулардын айтымында, 6 жыл ичинде өлкөнүн ар бир жараны кыргыз тилинде эркин сүйлөп калуусу зарыл.

2013-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 10 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми жалпысынан мамлекеттик тил боюнча программаны ишке ашырууга болжол менен 2 млрд. сом керектелет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...