Акыркы макалалар

Суусамырда жарым айдан бери эч бир теле-радио тартпай жатат

Суусамырда жарым айдан бери эч бир теле-радио тартпай жатат

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-сентябрь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө катуу шамал болуп, анын кесепетинен телекөрсөтүү үзгүлтүккө учураган. Ошол убактан бери бул көйгөй чечилбей, жергиликтүү калк депутаттарга кайрылган. Бул тууралуу кечээ, парламенттин жалпы жыйынында “Ар - Намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков өкмөттү бул маселеге көңүл буруп, тез аранын ичинде чечип берүүсүн суранды. Бул маселенин чоо-жайын билүү максатында Суусамыр айыл-өкмөтүнүн жоопту катчысы Азгүл Рахматалиева менен байланышканыбызда, ал бул маалыматты тастыктады. Ал жергиликтүү тургундар буга нааразы болуп жатканын жана Суусамырда Коомдук телерадио корпорациясынан башка каналдар тартпайт экенин билдирди.

Биринчи май айылынын тургуну Гүлшара Асанбекованын айтымында, жергиликтүү тургундар маалыматтан артта калып, балдары DVD көрүп калышты.

Радиорелейлик магистралдардын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин Башкы мүдүрү Манас Оконов бул маселе узакка созулгандыгынын себеби, бузулган тетикти башка өлкөдөн алып келгендиктен деп түшүндүрдү.

Суусамырдагы бул маселе эртең бүрсүгүндөрү чечилүүсү күтүлүүдө. Анткени, Манас Оконовдун берген маалыматында, атайын топ бул маселени чечүү үчүн жөнөп кетишти деп айтылат.

Көбүнчө аба ырайынын шартына байланыштуу Суусамырда мындай окуялар көп катталат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...