Акыркы макалалар

Жээнбеков: башкарууда трайбализмге жол бербейм

Жээнбеков: башкарууда трайбализмге жол бербейм

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги инаугурация учурунда улутчулдук жана жердешчиликке бөлүнүүгө каршы экенин билдирди. Башкаруу системасында мындай көрүнүштөргө жол бербей турганын убада берди:

- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бизде улут-улутка бөлүнүүгө, жердешчиликке жол берилбеши керек. Мен улутчулдукка, жердешчиликке, трайбализм менен уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршымын! Башкаруу системасында булардын орун алышына жол бербейм. Бүгүнкү берген антым – өлкөмө жана Кыргызстанды эгемен, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет катары сыпаттаган анын Конституциясына берилгендигимди билдирген ант болуп саналат.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22% добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...