Акыркы макалалар

Манасчы Сагымбайдын 150 жылдыгы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөр тизмесине кирди

Манасчы Сагымбайдын 150 жылдыгы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөр тизмесине кирди

Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы уюмдун 2018-2019-жылдардагы белгилүү даталар тизмесине кирди. Бул тууралуу резолюция ЮНЕСКОнун 39-сессиясында кабыл алынды.

Алдыдагы эки жылдагы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөр календарына Леонардо да Винчинин дүйнөдөн кайтканынын 500 жылдыгы, орусиялык жазуучу Ивана Тургеневдин 200, Нельсон Манделанын 100 жылдыгы сыяктуу даталар киргизилген.

Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) - улуу манасчы. Ал айткан "Манасы" кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, "алп манасчы" наамына татыган манасчылардын бири.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...