Акыркы макалалар

Нарында кайрымдуулук кинотеатры ачылды

Нарында кайрымдуулук кинотеатры ачылды

Нарын шаарында 32 орундуу, чакан 3D форматындагы кинотеатр ачылып иштей баштады. Аталган кинотеатр «Биздин-Тилек» аттуу кайрымдуулук фонду тарабынан 500 миң сомдон ашык каражатка салынган. Бул чыгымды жергиликтүү демөөрчүлөр каржылаган. Ал эми кинотеатрдан түшкөн кирише толугу менен кайрымдуулукка жумшалат.

- Түшкөн пайданы шаарыбыздагы ини-карындаштарыбыздын окууларына, олимпиада, конкурстарды уюштурууга жумшайбыз. Мындан тышкары жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын, мектеп формасын алып беребиз, - дейт кинотеатрдын жетекчиси Талант Ниязбеков.

Нарын шаарында союз убагында салынган “Соң-Көл” кинотеатры бар. Ал аппараттарынын эскилиги жеткендиктен жана жылытуу системасы жоктугунан учурда иштебей турат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...