Акыркы макалалар

Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салышты

Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салышты

Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында жазган Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын, ЖКнын, Өкмөт үйүнүн, БШКнын, Бишкек шаардык сотунун, Жогорку соттун имараттарынын алдында, “Ала-Тоо” аянтында, Киев көчөсүндөгү Ч.Айтматовдун эстелигинин жанында митингдерди жана тынчтык акцияларын өткөрүүгө чектөө коюу арызын канааттандырды.

Ар кандай митинг жана каршылык иш-чараларын Исанов көчөсүндө жайгашкан М.Горький багында өткөрүү менен, чектөө 2017-жылдын 1-декабрына чейин киргизилет.

Аталган соттун чечими мыйзамдык күчүнө кирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...