Акыркы макалалар

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Ош шаарында 12-13-октябрда балбандар Мухамед Өмүрзаков жана Бексултан Махмудовдун демилгеси менен грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле коңшу мамлекеттердин спортчулары катышат. Турнир жалпысынан эки күнгө созулуп, жеңүүчүлөр балбандардын жеке баалуу белектерине ээ болушат. Бул тууралуу “Марал” радиосуна Ош шаарынын спорт адиси Кубат Дубанаев билдирди.

Анын айтымында, уюштуруу милдетин эки спортчулар өз милдетине алышкан. Мындай эл аралык деңгээлдеги мелдеш алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыктан, учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети турнирди коомчулукка жайылтуу жагынан жардам берүүдө.

Ал эми “Алыш” спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу Сулайман Миңбаевдин айтымында, Ош шаарынын намысын 5 команда коргойт. “Даярдыктар жакшы, утабыз деген ниетибиз бар”,- дейт С.Миңбаев.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...