Акыркы макалалар

“Атанын керээзи” Москвадагы кино фестивалда байгеге ээ болду

“Атанын керээзи” Москвадагы кино фестивалда байгеге ээ болду

“Атанын керээзи” кыргыз тасмасы ХIV эл аралык “Нурлуу периште” кайрымдуулук кино фестивалында “Мыкты дебют” сыйлыгын алды.

Режиссер Дастан Жапар уулу билдиргендей, кино фестиваль 1-7-ноябрда Москвада “Кайрымдуу кино” чакырыгынын алдында өттү.

Быйыл фестивалга 460 тасма катышкан. Фестивалга Россия, Белорусия, Армения, Грузия, Италия, Ирак, Иран, Украина, Швеция, Кыргызстандын тасмалары катышты.

“Бул фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык. Ошондой эле бизидн тасманы көрсөтүп, байгени алган Токтобек Усеновго чоң рахмат”, - деп белгиледи режиссер.

“Атанын керээзи” – режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун социалдык драмасы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...