Акыркы макалалар

Саратовто кыргыз жарандары бар автобус жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болгондугу айтылууда

Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары бар автобус жол кырсыгына кабылды, эки адам каза болгондугу тууралуу маалымдалууда,-деп жазат “Саратов 24” басылмасы.

Облусттун унаа инспекциясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 22:00 чамасында Саратов-Нижний Новгород унаа жолундагы Озерки айылына бузулуп жаткан учурда 28 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан КамАЗ “Volkswagen Caravelle” кичи автобус менен барып кагылышкан.

Жол кырсыгынын натыйжасында автобустун эки жүргүнчүсү каза болуп дагы жети адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча автобустун ичинде Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда абал иликтенүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...