Акыркы макалалар

Лос-Анжелесте өтүп жаткан Садык Шер-Нияздын фестивалына Анжелина Жоли келди

Лос-Анжелесте өтүп жаткан Садык Шер-Нияздын фестивалына Анжелина Жоли келди

Лос-Анжелесте өтүп жаткан Азия тасмаларынын бүткүл дүйнөлүк фестивалына (Аsian World Film Festival) голливуд жылдызы Анжелина Жоли келди. Аталган кинофестивалды кыргыз режиссеру Садык Шер-Нияз түптөгөн.

Режиссер өзү фейсбук баракчасында “Ишенсеңер ишенгиле, ишенбесеңер жок, Анжелина өзү келди фестивалыбызга. Келмек түгүл баары менен сүйлөшүп, чай ичип, чер жазыша маектешип кетти”,-деп жазган.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда башталган фестиваль 2-ноябрга чейин уланат.

Бул фестивалдын түптөөчүсү жана төрагасы “Курманжан Датка” тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...