Акыркы макалалар

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды

Казакстанда бүгүн башталган көп тараптуу жолугушуу - Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жетинчи айлампасы. Казак Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул жолку сүйлөшүүлөргө ага катышып жаткан тараптардын баары келди.

Орусия, Иран, Түркия демилгечи болуп келе жаткан Астана сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл Сирияда ок атышууну токтотуу маселесине бурулууда.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки акыркы айлампаларында жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдө кеминде төрт де-эскалация зонасын уюштуруу маселеси талкууланган.

Астана сүйлөшүүлөрүнө демилгечи болгон Орусия жана Иран президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия жана АКШ түрдүү козголоңчул топторду колдойт.

АКШ сүйлөшүүлөргө байкоочу макамында катышып келүүдө.

Сириядагы согушту токтотуу боюнча БУУнун ортомчулугу менен Женевада да өзүнчө сүйлөшүүлөр өтүп келет.

Улуттар уюмунун чабарманы Стеффан де- Мистуранын өткөн апта соңундагы жарыясына караганда, Женева сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасы келерки айдын соңунда болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...