
Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Түркияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдирди.
Аталган турнир 20-21 октябрь күндөрү Стамбул шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышкан.
Акжол Махмудов 74 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Турнирдин финалында Махмудов түркиялык спортчуну жеңип, алтын медалды багындырды.
Бул медаль Акжол Махмудовдун 2017-жылдын ичиндеги үчүнчү байгеси болуп саналат. Буга чейин Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын жана Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...