Акыркы макалалар

Эл аралык укук жана массалык түрдө жок кылуучу куралдар

АЙДЫН ПАЗАРЖЫ

Эл аралык укук боюнча куралдардын колдонулушу тууралуу жоболор бир нече негизги артыкчылыктарга таянат. Алар негизинен согуштук мыйзамдар жана эрежелерге туура келет. Бул артыкчылыктар эң маанилүү делген башкача айтканда карама-каршылык учурунда катардагы аскер кызматчыларынан тарта жөнөкөй тургундарга чейин зыянга учуратпоо, аларды коргоого багытталган. Бул жагынан алып караганда мындай аракеттер аркылуу чатакташкан тараптардын мыйзамдуу түрдө колдонууга боло турган куралдарын белгилөөгө басым жасалган. Карама-каршылык учурунда колдонууга уруксат берилген куралдарды белгилөөдө негизги критерийлер бар. Алардын бири жогоруда белгиленген жөнөкөй тургундарды коргоого. Ал эми дагы бир экинчи критерий аскердик зарылдык. Булар согуштук мыйзамдардын башкы принциптеринен. Согуш негизинен тыюу салынган аракет. Ага уруксат берилген учурларда да белгилүү бир максатка багытталган болушу зарыл. Ошондой эле анын душманды жеңгени өзүнүн шартын жөнгө салуу менен аякташы керек. Согушкан тарапты сөзсүз эле толугу менен кыйратуу же бардыгы болбосо да көп бөлүгүн жок кылуу согуштун максаты боло албайт. Душман шарттарга макул болгону белгилүү болгондо куралдуу чатакташууну алып салуу керек. Ал эми ошол согуш учурунда колдонула турган куралдарды белгилөө эки тарапка тең тиешелүү. Бул принциптерге ылайык аскердик аракеттерде колдонулбай турган, максатты ишке ашырууда чектен ашкан жыйынтыктарды алып келе турган куралдарга тыюу салынган. Жогоруда башкы эреже катары белгиленген биринчи критерийлер боюнча кандай гана сапатта болбосун карама-каршылык учурунда массалык түрдө жок кыла турган куралдар колдонулбай тургандыгы баса белгиленген. Тилекке каршы колдонулуп кете турган болсо анда анын таасиринен согушка тиешеси жок карапайым тургундарды коргоо мүмкүн болбой калат. Дегеле массалык түрдө жок кылуучу куралдардын колдонулушу аскердик жактан керектүү деп эсептелбейт. Аларды колдонуу максаты аскердик максаттарды камсыз кылуу эмес, ага тиешеси болбогондорду, массалык түрдө жок кылуу же тагыраак айтканда согушкан тарапты таасирсиз абалга алып келүү болуп саналат.

Кыргын салуучу куралдарга тыюу салынган бирок...

Мындан улам массалык түрдө жок кылуучу куралдарга эл аралык укуктун негизинде тыюу салынган. Бирок бул жалпы категорияларга тиешелүү эки башкы маселе туулат. Биринчиси мыйзамга массалык түрдө жок кылуучу куралдарга түздөн-түз тыюу салган оңдоолордун киргизилбегендиги. Бул категорияда камтылган өзөктүк, химиялык, биологиялык куралдар жана башка ууландыруучу айрым газдарга байланыштуу башка башкы жоболор болгону менен бир бүтүмгө келген башкача айтканда жогоруда белгиленген куралдардын бардыгына тыюу салган ар тараптуу жобо болбогондугу. Мына ушунда кемчиликтер айрым маселелердин келип чыгышына себеп болууда. Экинчи маанилүү көйгөй кеңири кыргын салуучу куралдар категориясына кирген куралдарга тиешелүү башкы жоболордун мазмунуна байланыштуу. Бул макулдашууларда конкреттүү түрдө кайсыларга тыюу салгандыгы туурасында сөз кылуу мүмкүн эмес. Маселен өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимде өзөктүк куралдарды колдонууну түздөн-түз чектеген жок. Тактап айтканда макулдашуунун мазмунунан ал тууралуу так билүүгө болбойт. Андан улам өзөктүк куралдарды колдонуунун мыйзамдуулугуна байланыштуу тиешелүү сунуштар боюнча чечимде Эл аралык кылмыш соту “өзөктүк курал колдонуу эл аралык мыйзамды бузганга жатпайт” деген жыйынтыкка келген. Өзөктүк куралдар тууралуу мыйзамда аны колдонуу эмес, өзөктүк куралдарга ээ болуу жана жайылтуу жагына тыюу салынган. Ал эми химиялык жана биологиялык куралдардын колдонууга такыр эле болбой тургандыгы жазылган. Мына ушул чектөөлөргө тиешелүү негизги жана так жоболор жазылган. Ошондой эле анда Биринчи дүйнөлүк согушта уулуу газдардын бир топ түрү колдонулгандыгы жана олуттуу зыянга себеп болгону андан улам уулуу газдарга 1925-жылы Женева газ протоколу аркылуу тыюу салынганы бар. Бул макулдашууда белгиленген нормага ылайык миллиондогон адамдардын өмүрүн алган экинчи дүйнөлүк согушта да химиялык куралдар чеги менен колдонулган. А бирок химиялык куралдарды пайдаланууга бүгүнкү күндө толугу менен тыюу салынган. 1992-жылы Химиялык курал боюнча макулдашууда бул түрдүү куралдарды өнүктүрүү, өндүрүү, сатуу жана колдонуу толугу менен чектелген. Макулдашууга 189 мамлекет катышкан. Аталган келишим жана башка аны колдогон жоболордо химиялык куралдар мамлекеттер аралык карама-каршылыктарда жана ички согуштарда да колдонулбай тургандыгы жазылган. 1972-жылдагы биологиялык куралдар боюнча макулдашууга жогоруда айтылгандар тийиштүү. Негизинен бул келишимдер болбогон күндө да жогоруда белгиленген кыргын салуучу куралдарды пайдаланбоого байланыштуу эл аралык конвенция бар. Ага ылайык жогоруда белгиленген куралдарды жөнөкөй тургундарга колдонуу эл аралык мыйзамга такыр эле дал келбейт. Бул жерде негизинен бул түрдөгү куралдар жазалоо максатында колдонулбай тургандыгы анык билинип жатат. Башкача айтканда чатакташкан тараптардын бири химиялык курал пайдаланса, ага андай жол менен жооп берген жараксыз. Эгерде химиялык жана биологиялык куралдарга таптакыр тыюу салынганына карабастан, мыйзамды бузган учурда кандай санкциялар киргизилери анчалык ачык белгиленген эмес. Эл аралык кылмыш соту түзгөн Рим статутунда уулуу куралдарды жана айрым уулуу газдардын колдонулушу согуштук күнөө катары белгиленет. Ошол оор жоготууларга себеп болгон куралдардын колдонулушуна да ушундай эле негизде баа берилет. Ошондой эле Рим Статутунда кошумча химиялык куралдардын колдонулушуна байланыштуу зыяндар адамзатына каршы жасалган күнөө катары эсептелет. Башкача айтканда эч бир зыян алып келбегенде деле химиялык куралдардын колдонулушу Рим Статутунда аскердик кылмыш катары эсептелет. Бул учурда бул күнөөлөргө байланыштуу кандай санкциялар болот деген суроо туулат. Бул түрдөгү куралдардын колдонгондорго жасаган күнөөлөрүнө ылайык Эл аралык кылмыш сотунун корутундусу даяр. Эл аралык кылмыш соту бул кылмыштардын ээлеринин соттоодо. Бул куралдарды колдонгондорго тиешелүү мамлекеттердин жоопкерчилиги болсо аскердик кийлигишүү тууралуу ойлор ортого чыкты. Бир мамлекеттин аскердик кылмышы башкача айтканда адамзатка каршы геноцид жана этникалык тазалоого байланышкан жоопкерчилик боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими менен гана аскердик кийлигишүү болушу мүмкүн.

27/09/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...