Акыркы макалалар

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн тескөө керекпи?

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Жогорку Кеңеште “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Аталган мыйзам кабыл алынса башка мамлекеттен каржыланып жаткан уюмдар “чет элдик тыңчы” деген макамга ээ болот. Ошондой эле алардын каржылык маселелери көзөмөлгө алынат. Ал эми жарандык коомдун мүчөлөрү аталган мыйзамга каршы чыгууда.

Демилгечилер бул мыйзам кабыл алынып калса, өлкөнүн аймагында чет элден каражат алып иштеп жаткан уюмдардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынат деген пикирде. “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Нуркамил Мадалиевдин айтымында, башка мамлекеттен каржыланып, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн мекемелер ачык иштеши керек. Ал белгилегендей, алар сырттан келген каражаттарды кайда жумшаганын ачык айтып турушу зарыл.

Р.Карасартова: “Мыйзам кабыл алынса өзүм жетектеген уюмдун ишин токтотом”

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова бул мыйзамга түп тамырынан каршы. Анын айтымында, жаңы мыйзамды кабыл алуу жарандык коом үчүн терс натыйжаларды алып келет. Ал белгилегендей, парламентте каралып жаткан мыйзамда башка өлкөлөр тарабынан каржыланып жаткан уюмдар “чет элдик тыңчы” катары таанылат. “Бизди эл өкүлдөрү чет өлкөнүн атайын кызматтарынын тыңчыларына айлантууну максат кылууда. Алардын сөзүнө ишенсек, биз башка мамлекеттерге маалымат ташып жатыптырбыз. Мындай айыптар негизсиз”, - дейт ал. Ошондой эле ал мыйзам долбоору кабыл алынып калса өз мекемесин жаап, ишмердүүлүгүн токтоторун эскертти. “Эл өкүлдөрү ушул мыйзамды кабыл алса мен жетектеген уюм өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болот. Анткени, “тыңчы” атка конгондон кийин укук коргоо органдары тынч койбойт”,- дейт ал.

Фундаменталдык эркиндик коалициясынын өкүлү Мария Ясеневская бейөкмөт уюмдарына карата иштелип чыккан мыйзам “Кыргызстандагы жарандык коом үчүн тынчсызданууну жаратып жатат” деп айтып чыкты. Анын пикиринде, мыйзамды кабыл алуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Ал мунун арты менен көпчүлүк уюмдар өлкөдө өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болорун эскертти.

Бейөкмөт уюмдары өз максаттарын кандай аткарып жатат?

Өкмөттүк эмес уюмдардын негизги максаты калктын аялуу катмарына жардам берүү, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө өлкөгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бирок, айрым учурларда бейөкмөт уюмдары саясатка аралашып, өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен учурлар да кездешет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 2011-жылы өлкөдө 16,500 бейөкмөт уюмдары катталган. Алардын көпчүлүгү социалдык маселелер менен алектенүүгө багытталган.

Бөйөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу маселеси 2011-жылы да көтөрүлгөн. Бирок, жарандык коомдун катуу каршылыгынан улам токтоп калган. Чет элден каражат алып, Кыргызстанда катталган уюмдар эч бир укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынбайт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамиль Атаханов да аларды көзөмөлдөөгө мүмкүн эместигин белгилеген. Ал муну бейөкмөт уюмдардын көптүгү менен байланыштырган.

Нуркамил Мадалиев, парламент депутаты: “Акыйкатты талап кылгандар ачык иштесин”

- Бейөкмөт уюмдарына байланышкан мыйзам жарандык коомдун сынына кабылды. Аталган мыйзамдын авторлорунун бири катары айтсаңыз, алардын тынчын алган кандай жагдайлар бар?

- Бул мыйзам долбоорунда чочуй турган деле эч нерсе жок. Бирок, жарандык коомдун өкүлдөрү каршы чыгып жатат. Жаңы мыйзамды кабыл алуу менен алардын укуктары чектелбейт. Жарандык коом өкүлдөрү болсо конкреттүү фактыларды келтирбей эле базардагы кишилердин сөзүн сүйлөп келет. Анан дагы мыйзамдын авторлору катары Турсунбай Бакир уулу экөөбүздүн жеке жашообузга киришип, аргументсиз күнөөлөп жатат.

- Мыйзам долбоорунун негизги артыкчылыктары эмнеде?

- Негизинен чет элдик булактардан каражат алып Кыргызстандын аймагында катталган уюмдар жөнүндө болуп жатат. Биз аларга “чет элдик тыңчы” деген статус берели деп жатабыз. Алар “тыңчы” деген сөзгө чычалап жатат. Мен сөздүктөрдөн карап көрсөм анын коркунучтуу деле мааниси жок экен. Эгер мен бейөкмөт уюмун жетектеп калганымда ага каршы болмок эмесмин.

- Сиз өзүңүз өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

- Негизинен булардын иш-аракетин колдоймун. Кыргызстан үчүн мындай уюмдар керек. Бирок, алар бизден ачык-айкындуулукту талап калгандай эле өздөрү да ачык иш жүргүзсүн деп жатабыз.

Биз өз алдынча мамлекет болгондон кийин чет өлкөлөрдөн келген каражаттар кандай максаттарга жумшалып жатканын көзөмөлгө алышыбыз абзел.

- Сиздер демилгелеген мыйзам долбоорун Орусиядан көчүрүп алган деген доомарттар да айтылып жатат. Чын эле орустардан көчүрүп алдыңыз беле?

- Бул мыйзамды Орусиядан көчүрдү деп айткандын өзү туура эмес. Азыр глобалдашуу заманында баардык нерсени башка мамлекеттен үлгү катары алып жүрөбүз. Ошол эле жарандык коомдун өкүлдөрү да чет элдин тажрыйбасы менен иштеп жатат. Бирок, маселе аны көчүрүп алууда эмес анын мамлекет үчүн пайдалуулугунда болушу керек.

Кыргызстан жаңыдан бутуна туруп, өнүгүп келаткан мамлекет. Орусия сыяктуу державалар ушундай маселени коюп жаткандан кийин биз да ойлонушубуз зарыл. Өкмөттүк эмес уюмдарга чет элден которулуп жаткан каражаттардын баары эле жардам катары келет дегенге да терең ишенбешибиз керек. Андыктан кандай гана уюм болбосун аткарган иштери ачык-айкын болсун.

27/09/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...