Акыркы макалалар

Сариевден кеткен саясатчылар Бабановду колдоп чыгышты

Сариевден кеткен саясатчылар Бабановду колдоп чыгышты

Темир Сариевди колдоодон баш тарткан саясатчылар тобу Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин саясий блогун колдоп чыгышты. Бүгүн алар билдирүү таратып, “Азыркы күндө түзүлгөн саясий оор кырдаалда, бийликтин басымына карабай, коомдун альтернативдик жаңылануу багытын сунуштаган Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин саясий биримдигинин артыкчылыгы көрүнүп турат” деп айтышты.

Билдирүүгө Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова, мурдагы ТИМ башчысы Аликбек Жекшенкулов менен катар дагы он чакты адам кол койду.

Сариевдин штабын башкарган Ибраимова 25-сентябрда бул кызматтан кеткенин жарыялап, аны менен саясий позициясы дал келбей калганын айткан. Ибраимова менен кошо Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов өңдүү саясатчылар да кеткен.

Темир Сариев Ибраимованын чечимине Фейсбук аркылуу түшүндүрмө берип, ал шайлоо алдындагы саясий кырдаалды башкача кабыл алганына байланыштуу кеткенин жазган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 11 талапкер ат салышууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...