Акыркы макалалар

МСК: Мыйзам бузуу менен тойлордо кызмат көрсөткөн 67 ишкер аныкталды

МСК: Мыйзам бузуу менен тойлордо кызмат көрсөткөн 67 ишкер аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда тейлөө кызматын көрсөткөн 67 ишкер субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгын аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, үч күндүк рейд 17 ири коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлүп, сүрөткө, видеого тартуу, залды жасалгалоо, LED-экранды ижарага берүү боюнча жана оюн-зоок кызматтарын көрсөтүшкөн (тамадалар, ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу) 124 субъект текшерүүгө алынды.

Текшерүү мезгилинде 57 субъект гана жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттерин көрсөтүшкөн. Ал эми 67 жайда уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жана башка документтери жок болуп чыккан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...