Акыркы макалалар

«БУУнун Достук кубогу» Кыргызстанда кыздарды башын бириктирет

«БУУнун Достук кубогу» Кыргызстанда кыздарды башын бириктирет

10-октябрда Кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын Фтубол федерациясы «БУУнун достук кубогунун» ачылышы уюштурат. Бул жылы Кыргызстандын 100 кызы 2 күндүк мелдештерге катышат. Ал мелдештер «Ар бир кыздын үнү угулушу керек» деген чакырык менен «Жашоого аралаш» деген ураан алдында өтөт. Бул тууралуу ЮНИСЕФ балдар фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаденин айтымында, кыздарга инвестиция салуу баардык коомдун өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү. Ар бир кыздын толук кандуу билим алууга, саламаттыкты сактоо кызматтарын колдонууга жана өз дараметин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов билдиргендей, федерация кыздар арасында футболду жайтылуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Ал эми бул оюн кыздардын укуктарын коргоо маселесин козгоп, аларга дем берерин кошумчалады

ЮНИСЕФтин маалымат боюнча учурда дүйнөдө 1 млрд кыз жашайт. Алар зор күч-кубатка, чыгармачылык тажрыйбага жана дараметке ээ. Ал эми кыздарды өспүрүм курактан колдоого алып, туура багыт берүү алардын бактылуу эне, мыкты кызматкер, ишкер жана алдыңкы саясий лидерлерден болуп чыгышына шарт түзөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...