Акыркы макалалар

Жыргалбек Касаболотов баштаган бир нече акындардын поэзия кечелери өтөт

Жыргалбек Касаболотов баштаган бир нече акындардын поэзия кечелери өтөт

Октябрдын аягынан тарта башталган ыр кечелери орус жана кыргыз тилдеринде болот

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусу көздөн тарта майга чейин 11 акындын поэзия кечесин өткөрөт. Бул туурасында аталган фондудан кабарлашты.

Октябрдын аягынан тарта башталган ыр кечелери орус жана кыргыз тилдеринде болот.

26-октябрда акын Токтосун Самудиновдун, ноябрда акын жана котормочу Вячеслав Шаповаловдун юбилейлик кечеси тартууланат.

Ал эми декабрдын 15инде Жеңишкүл Өзүбекова менен Топчугүл Шайдуллаеванын поэзия кечелери өтөт.

Ал эми жаңы жылдан баштап январда Олжобай Шакир жана Жыргалбек Касаболотовдун, февралда Элмирбек Иманалиев жана Рыспай Исаковдун, мартта Атахан Кожогулов менен Жыпар Арыкованын ыр кечелери болот. Ал эми майда Калича Жакыпованын ырлары угармандарга тартууланат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...