Акыркы макалалар

“Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди. Бул тууралуу күн мурун сыйлыктын расмий сайтында жарыяланды.

92 мамлекет "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына ат салышуу үчүн өз тасмаларын көрсөтүшкөн.

Номинанттардын шорт-тизмеси 2018-жылдын 23-январында жарыяланат. Иш-чаранын өзү 4-мартта өтөт.

"Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына аракет кылган адам тууралуу тасма.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...