Акыркы макалалар

Абалың кандай агартуучу?

Абалың кандай агартуучу?

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына ылайык, өлкөдө мугалимдердин айлык акысы 4 эсеге көбөйүп, акыркы учурларда мугалимдердин таңкыстыгы жоюлууда. Бул иш-чаралар билим берүүнүн сапатына да таасирин тийгизип жатат. Деген менен мугалимдер айлык акы салыштырмалуу көтөрүлгөнү менен, абал ошол эле бойдон экендигин жашырышпайт. Ага карабай бул куттуу кесиптин башка күчү бар экендигин белгилеген мугалимдер, бул ал жолдун ысык-суугуна чыдап эмгектенүүгө өздөрү кызыктар экендигин айтышат.

Турганбүбү Ажыкулова 40 жылдан ашуун убакыттан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Пенсияга чыкканына 8 жылдай болсо да балдар менен болгон мамиле, сезим аны жумушун таштап, эс алууга чыгуусуна жол бербейт. Чындыгында айлык акы аз, шарт жок болсо да бул кесипти жан дүйнөсү менен тандап алып, эмгектенгендиктен ал маселелер экинчи планда турат, дейт көп жылдык тажрыйбасы бар мугалим.

-Балдар менен иштөө өзүнчө керемет. Аларга көнүп калсаң кете албайсың. Үйдө да отуруп балдарды ойлойм. Өзүм пенсияга 8 жыл мурда чыккам. Бирок үйдө отура албадым. Албетте, айлык акы төмөн. Бирок ага да, ден-соолукка карабай иштейсиң. Анткени бул кесипке байлангансың.

Бирок ага карбай бүгүнкү кырдаалды эске алып, жаш кадрларга колдоо көрсөтүү эртеңкиге кадам таштоо болмок дейт Турганбүбү Ажыкулова. Анткени көпчүлүк жаш кадрлар айлык акынын аздыгынан бул тармакта иштебей, башка жумуш менен кетүүгө аргасыз болушууда дейт.

Анткен менен Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына ылайык, акыркы жылдарда мугалимдердин статусун жакшыртууга, алардын айлык акысын көтөрүп шарт түзүүгө аракет жасалып жаткандыгы айтылат. Маселен, мурдагы орточо айлык акыга салыштырмалуу азыр 4 эсеге көбөйгөн. Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев белгилегендей, учурдагы орточо айлык акынын көлөмү 13 миң 800 сомду түзүүдө.

Ошону менен катар аларга моралдык жактан жана ден соолугуна кам көрүү максатында министрликтин карамагына пансионат өткөрүлүп берилген. Учурда анда оңдоо иштери жүрүүдө. Иш кагаздар даяр болсо кийинки жылы бир эле убакытта 500дөй мугалим эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

-Акыркы жылдарда мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштер жасалды. Маселен, маяна 4 эсеге көбөйдү, натыйжада орточо айлык акы 13 миң 800 сомду түздү. Учурда министриктин карамагына берилген пансионаттын иш кагаздары бүткөрүлүп жатат. 4 корпусу оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Ага кошумча 5 кабаттуу имарат да курулат. Натыйжада бир учурда 500 мугалимдин эс алуусуна шарт түзүлөт.

Бирок профессор Каныбек Осмоналиев айлык көтөрүлдү делген менен абал жакшырды дегенге кошулбайт. Анын пикиринде азыркы күндө да мугалимдерге жетиштүү колдоо болбой жатат.

-Айлык көбөйдү деген менен жашоо кымбат. Бул айтылган сөздөр декларативдик түрдө гана. Мугалимдердин айлык акысынын көрсөткүчү түздөн-түз билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан, өзүбүздү-өзүбүз алдоодон оолак болбосок, жыйынтык жок.

Эске сала кетсек, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип келген. Ошол эле учурда 1994-жылдан бери дүйнөнүн 100 ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...