Акыркы макалалар

3 ЖЫЛДАН БЕРИ КУРУЛУШУ ТОКТОП ТУРГАН МЕКТЕП 2018-ЖЫЛЫ БҮТКӨРҮЛМӨЙ БОЛДУ

3 ЖЫЛДАН БЕРИ КУРУЛУШУ ТОКТОП ТУРГАН МЕКТЕП 2018-ЖЫЛЫ БҮТКӨРҮЛМӨЙ БОЛДУ

2015-жылы фундаменти куюлгандан кийин курулушу токтоп калган, ал эми эски имарат 10 жылдан бери авариялык абалда, МЧСтин эки жолку корутундусу бар.

Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан №10 Казатов атындагы орто мектебиин фундаменти чөгүп, полдору чирип, дубалдарынан жаракалар кеткен. Мектептин чатыранан жамгыр жааганда суу аккандыктан дубалдарынын шыбактары көчүп калган. Мектептин абалы менен Жогорку кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жеринен таанышты.

“Биздин мектеп эски финский. Биринчи жолу имараты 1961-жылы Көдүл айылынан Кара-Тектир айылына көчүрүлгөн. Андан кийин 1981-жылы Кара-Тектирге жаңы мектеп салынганда, имараты бул жакка убактылуу көчүрүлгөн. Авариялык абалда болуп МЧС эки жолу корутунду чыгарды. Жаңы имарат куруу үчүн көп жактарга кайрылдык. Анын натыйжасында 2015-жылы республикалык бюджетке кирип 3 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ага фундамент иштери бүткөрүлгөн. Бирок андан бери каражат келбей калганына байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин куруу иштери токтоп турат”- дейт мектеп директору Гүлжан Раимкулова.

Мектеп абалынан кооптонуп ата-энелер балдарын, алыстыгына карабай башка мектептерге которуп жатышкандыгын, учурда 234 окуучу билим аларын да кошумчалады мектеп директору.

Кошумчалай кетсек, жаңы курулчу мектептин жалпы долбоору 82 миллион сом болгон.

Төрага Чыныбай Турсунбеков мектеп абалы менен таанышып: “Жаңы эле архивге өткөзө турган турган мектеп болуп калыптыр деп сүйлөшүп жатабыз. Чындыгында мындай мектептерде азыр окушпайт. Жаңы имарат 2018-жылы бүткөрүлчү мектептердин катарына кирет” – деди.

Роза АКМАТЖАН кызы, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...