Акыркы макалалар

Жээнбековдун штабы Оштогу мажбурлоо тууралуу кабарды чагым деп атады

Жээнбековдун штабы Оштогу мажбурлоо тууралуу кабарды чагым деп атады

№2 форма менен шайлоочулардын добушун чогултуу бизде жок деп билдирди президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов бүгүн "Азаттыкка" курган маегинде:

- Мен андай маалыматты билбейм. Мен штаб башчысы болуп туруп, андай отчет кагаз тууралуу таптакыр маалыматым жок экен. Көргөн жокмун. Бул чагым деп ойлойм. Мен алардын бирине да ишенбейм.

4-октябрда "Азаттыктын" кабарчысынын колуна президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Оштогу штабынын отчету деген кагаздар тийген. Андагы тизмеде 73 мамлекеттик мекеме жана алардын башчыларынын аты-жөнү жазылган. Алар Форма-2 аркылуу кайсыл шайлоо участогуна канча адам алып барарын жазышкан.

Жээнбековдун Оштогу штабын Ош шаар кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов жетектейт.

Мурдараак президенттикке КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына №2 үлгүдөгү форма менен Бишкектеги студенттерди добуш берүүгө мажбурлап жатышканы да айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...