Акыркы макалалар

Шаардык сот Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн күчүндө калтырды

Шаардык сот Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылганын 2-октябрда жарыялады:

- Бишкек шаар сотунун коллегиясы айыпталуучулар Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөрүүсүз калтырылсын деп чечти.

Шаардык соттун өкүмү айыпталуучулардын өздөрүн катыштырбай туруп, алардын адвокаттарысыз чыгарылды. Сот өкүмдү окуй баштаганда залда отургандар буга нааразылык иретинде чыгып кетишти.

Түшкө чейинки процессте айыпталуучу Өмүрбек Текебаев адвокаттарынын катышуусуз сотко көрсөтмө берүүдөн баш тарткан эле.

Өмүрбек Текебаевдин юристи Канатбек Азиз Бишкек шаар сотунун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутагына кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...