Акыркы макалалар

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы Кыргызстан-Өзбекстан мамлекетик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында ратификацияланган.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын сызыгынын өтүшүн тактоо жана аныктоо болуп саналат. Кол коюлган макулдашуунун жоболору менен Кыргызстан-Өзбекстан мамлекеттик чек арасынын 1 170, 53 чакырымы такталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...