Акыркы макалалар

Казакстан менен Кыргызстан дин жаатында кызматташат

Бишкекте Казакстандын дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаевдин сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешов менен сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу “Казинформ” казак министрлигинин басма сөз кызматына таянып билдирет.

Эки ведомствонун башчылары Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом министрлигинин жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумда өлкөлөрдүн дин саясаты багытында тажрыйба жана маалымат алмашуу каралган.

“Документте эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы кызматташуунун кеңири тармагын камтууга аракет кылдык”,-деп баса белгиледи Н.Ермекбаев.

Бул документ ошондой эле өлкөлөрдүн теологиялык жана дин таануу билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...