Акыркы макалалар

Шайлоо-2017: "Бир дүйнө - Кыргызстан" кыймылы түз байланыш түйүнүн ачты

Шайлоо-2017: "Бир дүйнө - Кыргызстан" кыймылы түз байланыш түйүнүн ачты

Шайлоочулардын укугу тууралуу юридикалык кеңештерди алууну каалагандар үчүн түз байланыш 25-сентябрдан тарта иштей баштады. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө анын максаты - шайлоодогу коррупциянын алдын алуу.

Кыймылдын координатору Тимур Арыковдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, түз байланыштан жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо, үгүт иштерине катышуу жана жүргүзүү, шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү, шайлоонун жыйынтыгы, мыйзам бузуулар боюнча кантип даттануу тууралуу маалымат ала алышат.

Укуктук кеңеш берүү байланышы 25-октябрга чейин иштейт.

Түз байланыштын номурлары: 0 312 31 76 71, 0 556 01 38 40 жана 0 551 96 18 61.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...