Акыркы макалалар

А.Атамбаев пенсиянын базалык бөлүгүн кайра карап чыгууну тапшырды

А.Атамбаев пенсиянын базалык бөлүгүн кайра карап чыгууну тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, пенсияларды каржылоо, камсыздоо төгүмдөрүнүн келип түшүүсү, ошондой эле аларды администрациялоо маселелери тууралуу маалымат берилди.

Социалдык фонддун төрагасы ошондой эле, алдыдагы пенсиялардын жогорулатылышынын механизмдери туурасында дагы айтып берди. Жогорулатуунун аркасында пенсиялардын орточо көлөмү 520 сомго көбөйүп, 5517 сомду түзүп калат.

Жетекчинин маалыматы боюнча 627 миң пенсионердин пенсияларын кайра эсептеп чыгуу аяктады, 2-октябрдан тартып жогорулатылган пенсияларды каржылоо башталат.

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасына пенсиянын базалык бөлүгүн аныктоо нормасын жана индексациялоону кайрадан карап чыгып, тиешелүү сунуш киргизүү боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы кабыл алынган чаралар пенсиялык системаны кыйла адилеттүү болууга алып келээрин белгилеп, пенсионерлер алдында социалдык милдеттенмелерди өз учурунда жана толук көлөмдө аткарууну камсыз кылууга милдеттендирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...