Акыркы макалалар

Өкмөт башчы Исаков Россияга 2 күндүк иш сапары менен барат

Өкмөт башчы Сапар Исаков Россияга 29-сентябрда расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Россияга расмий иш сапары менен 1991-жылдан бери КРдин бир да өкмөт башчысы барган эмес.

“Өкмөт башчынын иш сапары 2 күнгө созулат. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. “,-деди Эсенгулов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...