Акыркы макалалар

Ирактагы күрттөрдүн 95% эгемендүүлүк үчүн добуш беришти

Ирактагы күрттөрдүн 95% эгемендүүлүк үчүн добуш беришти

Алдын ала жыйынтыктар боюнча 95% күрт эли эгемендүүлүктү колдоорун билдиришти. Бул 3,3 млн добуштун 280 миңден ашуунун санап чыккандан кийинки жыйынтык.

Анткени менен, Ирак бийлиги Күрт автономиясынын эгемендик үчүн референдумунун жыйынтыгын талкуулабай турганын билдирди.

Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Хейдар аль-Абади жергиликтүү телеканал аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, реыерендум конституцияга туура келбегендиктен өкмөт анын жыйынтыгы тууралуу сүйлөшүүлөргө барууга даяр эмес. Ошону менен бирге өкмөт башчы шайлоо учурунда, коркутуп үркүтүүлөр, мажбурлоолор болгонун кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...